карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Ошто милициянын көчмө кабылдамасы жарандардын арыз-даттанууларын жеринде кабыл алып жататОш облусунун Кара-Суу, Кара-Кулжа, Араван, Чоӊ-Алай, Өзгөн жана Ноокат райондук ички иштер бөлүмдөрүндө иштеп жаткан милициянын көчмө кабылдамалары тарабынан коомдук коопсуздукту жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча ар тараптуу түшүндүрүү иштери өткөрүлүп жатат 14.10.2020 : www.super.kg источник: https://www.super.kg/kabar/news/328437/ |
Loading...
|
Жарыялар |