Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку
Баку менен Ереван бири-бирин айыптадыАрмения менен Азербайжан Тоолуу Карабактын айланасындагы ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашууну бузду деп бири-бирин айыпташууда. 17-октябрда жекшембиден тарта жарашуу күчүнө кирери жарыяланып, сентябрдын аягында курчуп кеткен кырдаалды жөнгө салууга экинчи аракет көрүлгөн. Эки өлкөнүн тышкы иштер мекемелери ок атышпоо тууралуу сүйлөшүлгөнүн ишембинин кечинде өз сайттарында жарыялашкан. Анда бул чечим Минск тобуна кирген Франция, Орусия жана АКШ президенттеринин билдирүүлөрүнөн кийин... 19.10.2020 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/30899852.html |
Loading...
|
Жарыялар |