Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.1089.00
EUR95.4096.40
RUB0.9630.980
KZT0.14000.2050

обновление 19.05.2024 18:25:17

Азербайжан Арменияга таандык учкучсуз аба аппаратын атып түшүрдү

Азербайжан абадан коргоо күчтөрү кечээ да Арменияга таандык 2 учкучсу аба аппаратын атып түшүргөн.


21.10.2020 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/turk-duinosu/2020/10/21/azierbaizhan-armieniiagha-taandyk-uchkuchsuz-aba-apparatyn-atyp-tushurdu-1-1513244

 
Loading...

Жарыялар