Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Юрист А.Баетов: ЖКнын чечимдерине Конституциялык палата баа берсинРеферендум өткөрүү пикири элди экиге бөлдү. Баш мыйзамды эл каалагандай кылып өзгөртүү сөзсүз керек, бирок мамлекет адегенде баш-аягын жыйып, легитимдүү жолго түшүп алыш керек. Баш мыйзамдын жаңы долбоору шашпай жарандар менен макулдашылыш керек. Мындай оюн юрист Аяз Баетов билдирди. 26.10.2020 : www.bbc.com |
Loading...
|
Жарыялар |