Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Садыр Жапаров кеңешчиси Акылбек Жапаровду кызматтан алып, себебин түшүндүрдүПремьер-министр жакында эле теледебаттарды көрүп, анда Акылбек Жапаров адепсиз сөздөрдү сүйлөгөнүн укканын билдирди. 27.10.2020 : sputnik.kg источник: https://sputnik.kg/politics/20201027/1050224185/sadyr-zhaparov-akylbek-zhaparov-ishten-alyndy.html |
Loading...
|
Жарыялар |