Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку
Ишкерлер өкмөттөн кыргыз-кытай чек ара маселесин чечүүнү талап кылыштыБүгүн Бишкекте жана аймактарда бир канча митингдер болуп өттү. Өкмөт үйүнүн алдында "Дордой" базарында иштеген ишкерлер акцияга чыгышты. Алар Кытайдан алды жарым жылдан бери товарларын өткөрө албай жатканына даттанышууда. Ишкерлер өкмөттөн чек ара маселесин чечип берүүнү сурашты. 02.11.2020 : www.bbc.com |
Loading...
|
Жарыялар |