Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6088.89
EUR95.0096.00
RUB0.9450.985
KZT0.13000.2100

обновление 27.04.2024 03:40:14

Кошмо Штаттарда алгачкы добушканалар жабыла баштады

Кошмо Штаттардын чыгыш тарабындагы Индиана жана Кентукки штаттарында айрым добушканалар жабыла баштады. Бир сааттан кийин кайсы талапкерге добуш берери акырына чейин белгисиз болуп турган Флорида штатында да шайлоо жыйынтыкталат. Бирок бир топ штаттарда добуш берүү дале уланууда. Маселен Аляскада шайлоо Бишкек убактысы боюнча чак түшкө чейин токтобойт.   Кошмо Штаттарда президенттик шайлоодо Республикалык партиядан 74 жаштагы президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан 78 жаштагы...


04.11.2020 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/30928696.html

 
Loading...

Жарыялар