Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку
Дөңгөлөктү түтөгүчө айлантып. Бейбаш айдоочуга айып пул салынды. ВидеоВидеодон күндүз трассанын ортосуна айдоочунун токтогон тейде автоунаанын арткы дөңгөлөгүн асфальттан түтүн чыкканча айлантып жатканын көрүүгө болот. 09.11.2020 : sputnik.kg источник: https://sputnik.kg/society/20201109/1050377460/beybash-aydoochuga-ayyp-pul-salyndy.html |
Loading...
|
Жарыялар |