Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Шайлоо мыйзамдары өзгөртүлдүЖогорку Кеңеш 6-октябрдагы элдик толкундоодон кийин парламентке өтүүнүн жол-жобосун жеңилдеткен мыйзам долбоорун кабыл алган. Бул мыйзамга мамлекет башчынын милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койду. Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору парламентте кызыл чеке талаш менен кабыл алынган. Жогорку Кеңештин 21-октябрдагы жыйынында мыйзамдын авторлорунун бири, депутат Алтынбек Сулайманов шайлоо мыйзамын өзгөртүү 6-октябрда көчөгө чыккан жаштардын талабы... 11.11.2020 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/kyrgyzstan-election-low-signe/30942472.html |
Loading...
|
Жарыялар |