Кыргызча анекдот / апенди:

Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.8089.70
EUR94.7095.70
RUB0.1380.205
KZT0.92000.9700

обновление 05.05.2024 22:45:17

Түркияда коронавирустан улам 24 саатта 195 киши каза болду

Бир күндө  174 762 тест жасалып, 6093 жаңы учур катталды. Күнүмдүк бейтап саны 30402  болду.


06.12.2020 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/turkiia-1/2020/12/06/turkiiada-koronavirustan-ulam-24-saatta-195-kishi-kaza-boldu-1540500

 
Loading...

Жарыялар