Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Германияда карантин чаралары күчөтүлдүГерманиянын канцлери Ангела Меркел 13-декабрда билдиргендей, өлкө жергелеринин жетекчилери федералдык бийлик менен жаңы карантин чараларын макулдашты. Ага ылайык, азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн башкасынын баары, мектептер 16-декабрдан 10-январга чейин жабылат. Дарыканаларга, банктарга жана башка бир катар калкты тейлөөчү мекемелерге гана иштегенге уруксат берилет. Германияда жарым-жартылай карантин чаралары алты апта мурда киргизилген. Бирок андан бери коронавируска кабылгандардын жана бул... 13.12.2020 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/30998593.html |
Loading...
|
Жарыялар |