Кыбыла кайда?
Айылда ага ини бир тууган балдар бар экен. Аябай шок экен. Бирөөнүн айнеги сынса, бирөөнүн бир нерсеси жоголсо бир туугандарды күнөөлөшөт экен.
Апасы элдердин арыздарына чыдабай, балдарын мечиттин имамына алып барат. Имам биринчи агасынан сурайт экен.
-Кыбыла кайда?
Агасы эч унчукпайт. Имам ачууланып кыйкырып сурайт
-Кыбыла кайда деп жатам!?
Агасы ыйлап качып жөнөйт. Иниси агасынан эмне болду деп сурайт.
Агасы:
- Башыбыз балээде, кыбыла жоголуптур, бизден көрүп жатышат.
Кийинки анекдот/апендини оку
Кыргыздын шаар куруу кыялынын тарых-таржымалынанКөчмөн элдер көчмөнчүлүктү жашоонун кайталангыс, бирден-бир уникалдуу формасы деп эсептешип, отурукташуу маданиятын жээрип, отурукташкан элдерге аралашуудан жаа бою качышса да, алар менен карым-катнаш күтүүнүн өзгөчө бир ыңгайын таап, алака түзүүнүн маданиятын калыптандырып жүрүп отурушкан. 17.12.2020 : www.bbc.com источник: http://www.bbc.com/kyrgyz/blog-55344681 |
Loading...
|
Жарыялар |