эшек
Апенди досун үйүнө чакырып коюп, унутуп кетип калат.
Досу келсе эч ким жок экен.
Ачуусу келген досу Апендинин дарбазасына чоооо-оң кылып "ЭШЕК" деп жазып кетиптир.
Эртеси базарда экөө жолугуп калышат:
- Апенди, кечээ үйүңө барсам эч ким жок экен, - дейт.
Анда Апенди:
- Билдим сенин келгениңди. Ырас атыңды дарбазама жазып кеткен экенсиң, - деген тура. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
“Барометрдин" сурамжылоосу: саясатчылардын сап башында ким?Кыргызстандагы саясий кырдаал жана президенттик шайлоого бараткан талапкерлер жөнүндө биринчи сурамжылоолордун жыйынтыгы чыга баштады. “Борбордук Азиянын Барометри” регионалдык көз каранды эмес институту жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 80% президенттик башкарууну колдой турганын билдирген. 21.12.2020 : www.bbc.com |
Loading...
|
Жарыялар |