"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку
101 жашка караган Том Мур коронавирустан улам каза болдуУлуу Британиянын Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан согуш ардагери, капитан Том Мур коронавируска чалдыгып, дүйнөдөн кайтты. Анын үй-бүлөсүнүн 2-февралдагы маалыматына караганда, Мур карыя бир нече аптадан бери өпкө кагыны менен жабыркап жаткан жана өткөн аптада ага COVID-19 илдети жукканы тастыкталган. Ал былтыр 30-апрелде 100 жашка чыккан болчу. Мур карыя коронавируска каршы жанын аябастан күрөшүп жаткан дарыгерлерге кайрымдуулук колдоо көрсөтүү өнөктүгүн баштап, дээрлик 41 миллион АКШ... 03.02.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/azattyk_kabar/31082869.html |
Loading...
|
Жарыялар |