Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Беларуста блогер 4,5 жылга кесилдиБеларустун Минск шаардык соту блогер Павел Спиринди 4,5 жыл күчөтүлгөн режимдеги абакка кести. Дал ушундай айыпты прокуратура 36 жаштагы блогерге жаза катары сураган. Спиринге карата «социалдык кастыкты атайлап козутуу» деген берене боюнча айып тагылган. Ал былтыр сентябрда кармалып, камакка алынган. Блогерге кылмыш иши "YouTube" порталына жайгаштырган эки тасмага байланыштуу козголгон. Спирин өзү иликтөө деп атаган тасмада Беларустагы наркотрафик жөнүндө сөз болот. Аны... 05.02.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31088202.html |
Loading...
|
Жарыялар |