Мен аракты таштадым
Бир адам дайыма бир барга барат экен, барганда барменден 3 бөтөлкө арак алып келдирип ичип турат экен,
Бармен бир күнү жанагы адамдан сурайт экен:
- Сиз эмнеге ар бир келгениңизде 3 бөтөлкө арактан ичесиз?
адам жооп берет экен:
- Биз 3 дос болчубуз, үчөөбүз үч тарапка кеттик, бир бөтөлкөнү өзүм үчүн, эки бөтөлкөнү да эки досум үчүн ичим жатам.
бир канча күндөн кийин, жанагы адам эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр.
Бармен мунун бир досу өтүп кеткен турбайбы, эки бөтөлкөдөн иче баштаптыр деп ойлоп, адамдан сурайт экен:
- Аллах рахматы кылсын, бир досуңуз өтүп кеттиби?
анда адам жооп берет экен:
- Кудай сактасын, эки досум тең тирүү, мен аракты таштадым - дептир
Кийинки анекдот/апендини оку
Жапаров: Ээнбаштык жана мүлк талаш иштери бар адамды мэрликке коюу мүмкүн эмесПрезидент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайындалган Эрмек Нургазиевдин кызматка коюлушун сындады. Ал бул тууралуу пикирин «Инстаграмдагы» баракчасына жазды. «Албетте, таза, жаш, идеялуу кадрлар көп. Маектеше келсең жүзү жарык, иштемчил көрүнөт. Мурда-кийин бийликте иштебеген, коррупциялык иштерге аралашпаган деп тандаган кадрлардын артында да хулигандык, мүлк талаш иштери бар экен. Ошондуктан, шаардын мэрлигине коюуга мүмкүн эмес», - деп жазды... 09.02.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31093411.html |
Loading...
|
Жарыялар |