Кыргызча анекдот / апенди:

Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.

Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы


Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.7095.70
RUB0.9500.970
KZT0.14000.2050

обновление 28.04.2024 11:35:17

Мурдагы муфтий тилкат менен бошотулду

Муфтияттадагы финансылык мыйзам бузууларга шектүү катары кармалган мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин баш коргоо чарасын караган жараян 11-февралдан он экисине оогондо түн ортосуна чейин уланды. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратына диний ишмердин ондогон тарапкери чогулду. Алар Токтомушевди камактан бошотууну талап кылып жатышты. Ишти караган судья түн оогондо Максатбек ажы Токтомушевди эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте калтыруу боюнча чечимди окуду. Сот залынан...


12.02.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/muftyi-religion-kyrgyzstan-toktomushev/31098325.html

 
Loading...

Жарыялар