эшек
Апенди досун үйүнө чакырып коюп, унутуп кетип калат.
Досу келсе эч ким жок экен.
Ачуусу келген досу Апендинин дарбазасына чоооо-оң кылып "ЭШЕК" деп жазып кетиптир.
Эртеси базарда экөө жолугуп калышат:
- Апенди, кечээ үйүңө барсам эч ким жок экен, - дейт.
Анда Апенди:
- Билдим сенин келгениңди. Ырас атыңды дарбазама жазып кеткен экенсиң, - деген тура. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Бишкекте тогуз, Ошто эки партия жергиликтүү шайлоого катышарын билдирдиБишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин бүгүнкү күнгө карата тогуз партия билдирди. Бул тууралуу 16-февралда "Азаттык" радиосуна Бишкек шаардык Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди. Ош шаардык кеңешине шайлоого катышуу тууралуу ниетин эки партия билдиргенин Ош шаардык Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Эралы Арынбаев маалымдады. Президент Садыр Жапаров 8-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын... 16.02.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31105497.html |
Loading...
|
Жарыялар |