Кыргызча анекдот / апенди:

"КУДАЙ БУЮРСА"
Кайсы бир өткөн замандарда такырле Кудайга ишенбеген бир күйөө сөрөй болуптур. Кечки тамак. Аялы аябай берилип манты жасап, 5-10 мүнөт жакшылап бууланып бышсын деп, … өзү дасторконду даярдап кирет. Ангыча ары жактагы күйөөсү дасторконго жетип келип “ай мантың быштыбы,.алпкеле берчи батыраак!!” дейт. Аялы: Кое тур эми кудай буюрса 10 мүнөттө бышып калат” деп жооп узатат. “Эй...апкеле берчи,..кудай буюрса, буюрбаса деле жечү мантыны жей берем,..алып кел эми!” деп ороңдойт күйөөсү. Жолдошунун мүнөзүн түшүнгөн аялы мантыны алып келет, күйөөсү бир мантыны колго алып эми оозго сала берээрде эшиктин конгуроосу шынгырайт да, менттер келип кайсы бир кылмышка тиешеңиз бар экен деп аялдын күйөөсүн ой-боюна койбой алып кетишип, түрмөгө 3 ай жатып чыгат. Түн. Аялы өзү жалгыз үйдө олтурат. Эшиктин конгуроосу угулат. Аял эшиктин жанына басып барып: “Ким бул?” десе, сырттан күйөөсүнүн үнү угулат: Кудай буюрса , мен сенин күйөөң болом...
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD89.1089.72
EUR96.5097.50
RUB0.9901.015
KZT0.13500.2050

обновление 29.01.2024 08:40:21

8-март: Пандемия гендердик теңсиздикти күчөттү

Германиянын канцлери Ангела Меркел COVID-19 пандемиясы аялдардын түйшүгүн көбөйтүп койгонун айтып, чыныгы гендердик теңчиликти камсыз кылууга чакырды. 8-март  – Айымдардын эл аралык күнүнө карата БУУ да дүйнө өлкөлөрүн аялдардын укугун коргоого үндөдү. Европадагы гана эмес, дүйнө жүзүндөгү эң таасирдүү айымдардын бири атыккан Ангела Меркел 8-марттын алдындагы видео кайрылуусунда Германияда пандемия башталгандан бери аялдардын түйшүгү көбөйгөнүн айтты. Ал COVID-19 пандемиясы аялдар менен...


08.03.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/duejnoe_8-mart_gender_2021_ajaldardyn-uquqtarynyn-azyrqy-abaly/31138489.html

 
Loading...

Жарыялар