Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Бишкек: 45 депутаттык мандат үчүн 1820 талапкер ат салыша баштадыБишкек шаардык кеңешиндеги 45 орунга 25 партиядан 1820 талапкер ат салыша баштады. Бул тууралуу 12-мартта шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов маалымдады. Шайлоого саясий партиялар катышып, утуп чыккандары төрт жыл иштейт. Шаардык кеңештерге үгүт өнөктүгү бүгүн башталды. Азыркы чакырылыш 2016-жылдын 11-декабрында шайланып келген. Анда шайлоого 14 партия катышкан. 2012-жылкы шайлоодо 45 орунга 23 партия ат салышкан. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин... 12.03.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31146795.html |
Loading...
|
Жарыялар |