Кыргызча анекдот / апенди:

Бактылуулуктун сыры
Бактылуулуктун сыры

Кичинекей бала үйүндөгү мындай нерсени байкаптыр. Атасын деле апасы башкарат, байкесин караса, байкесин де жеңеси башкарат, туугандарын караса бүт баары эле аялдар башкарат экен. Жалгыз кана чоң атасы чоң энесин башкарат экен.
Бир күнү кичинекей бала келип чоң атасынан сурайт:
- Чоң энем кандай болуп сиздин айткандарыңыздан чыкпай калган?
Чоң атасы болгон окуяны айтып берет экен.
Мен чоң энең менен үйлөнгөндө, айылына барып жүктөрүн ат арабага жүктөп келе жатканда ат мүдүрүлүп кетти.
- Бул бир! деп коюп жолубузга уланттык.
Бара жатканда ат дагы мүдүрүлүп кетти.
- Бул эки! деп жолубузга уланттык
Үчүнчү жолу мүдүрүлүп кетти эле, арабадан түшө калып атты муздап койдум дейт. Ошол кезде чоң энең кыйкырып жиндене баштады
- Бул эмне кылганың, жүктөрдү кантип алып кетебиз, деп
Ошондо
-Бул бир деп айткам, ошондон бери бактылуу жашап келе жатабыз,
Чоң энең бул эки деп айттырбай калган дейт экен

Арадан жылдар өтүп, жанагы кичинекей бала үйлөнөт экен,
Келинчеги кир жууп жаатканда алдынан бир мышык өтө берет экен.
Үйлөнгөн жигит бул бир дейт экен. Мышык дагы өтөт экен, жигит бул эки дейт экен. Мышык үчүнчү жолу өткөндө, бул үч деп туруп мышыкты кармап алып жерге бир чаап өлтүрүп коюп келинчегине карайт экен.
анда келинчеги:
- Мага бул приемун өтпөйт, бул окуяны мен да билем, дейт экен

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.6095.60
RUB0.9400.980
KZT0.13000.2050

обновление 05.05.2024 01:30:15

COVID-19: 55 адам айыгып, 68 адам ооруга чалдыкты

Коронавируска каршы штабдын 21-мартка карата берген маалыматы боюнча, акыркы суткада оорудан 55 адам сакайды. Бишкекте эки адам илдеттен көз жумду. 21-мартка карата 68 адам коронавирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталган. Ооруга чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте – 45 адам, Чүй облусунда 12, Ысык-Көл облусунда 6, Ош шаарында 4 адам. Калган аймактарда коронавируска чалдыккандар жок. Ушуну менен Кыргызстанда былтыркы 18-марттан бери COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын...


21.03.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31161839.html

 
Loading...

Жарыялар