эшек
Апенди досун үйүнө чакырып коюп, унутуп кетип калат.
Досу келсе эч ким жок экен.
Ачуусу келген досу Апендинин дарбазасына чоооо-оң кылып "ЭШЕК" деп жазып кетиптир.
Эртеси базарда экөө жолугуп калышат:
- Апенди, кечээ үйүңө барсам эч ким жок экен, - дейт.
Анда Апенди:
- Билдим сенин келгениңди. Ырас атыңды дарбазама жазып кеткен экенсиң, - деген тура. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Оогандар Борбор Азиянын товарына кызыгатСоңку жылдары ооган базарларында Кыргызстандан, Казакстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан ташылган товарга суроо-талап өстү. Өзгөчө азык-түлүк жана курулуш материалдары көп сатылат. Оогандар түндүгүндөгү коңшуларынан алынган продукция Иран менен Пакистандыкына салыштырмалуу сапаты жакшы экенин айтышат. Расмий Кабул соода-сатыкты өнүктүрүү саясий туруктуулук менен коопсуздуктан көз каранды экенин белгилейт. 22.03.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/ooganstan-borbor-azia-sooda-satyk/31163861.html |
Loading...
|
Жарыялар |