карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Колорадо: супермаркеттеги атышуудан 10 киши мүрт кеттиАКШнын Колорадо штатындагы Боулдер шаарындагы супермаркетте белгисиз киши ок чыгарып, он киши мүрт кетти. Каза тапкандардын бири полиция кызматкери. Ок чыгарган шектүү кармалганы кабарланды. 23.03.2021 : www.bbc.com источник: http://www.bbc.com/kyrgyz/world-56493650 |
Loading...
|
Жарыялар |