Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.8095.80
RUB0.1380.205
KZT0.94500.9750

обновление 29.04.2024 13:30:18

Ак-Ордо жаңы конушуна 196 млн. сомго мектеп салынышы күтүлүүдө

Тендерди мэрияга караштуу Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы уюштуруп, долбоор толугу менен шаардык бюджеттен каржыланары айтылды


25.03.2021 : sputnik.kg

источник: https://sputnik.kg/society/20210325/1051896101/ak-ordo-mektep-kurulush.html

 
Loading...

Жарыялар