Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.30
EUR94.4095.40
RUB0.9400.970
KZT0.13000.2050

обновление 29.04.2024 16:15:12

Айзаданын өлүмүнөн кийин министрдин отставкасы талап кылынды

Бир үйдүн жалгыз кызы Айзада Канатбекова уурдалып, өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстанда коомчулук министр Ниязбековдун отставкасын талап кылууда. Алардын арасында айрым депутаттар да бар. Ошол эле маалда кылмышка шектелген 3 адам тең кармалды. Айзаданын сөөгү жашырылды. // "Бүгүн Азаттыкта". 08.04.21.//


08.04.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/ayzadanyn-olumunon-kiyin-ministrdin-otstavkasy-talap-kylyndy-08-04-21/31193661.html

 
Loading...

Жарыялар