Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.40
EUR94.5095.50
RUB0.9450.970
KZT0.14000.2050

обновление 28.04.2024 20:50:14

Турапов: Опера жана балет театрындагы симфониялык оркестрдин аспаптары эскирген

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрындагы симфониялык оркестрдеги музыкалык аспаптар, артисттердин кийимдери дээрлик 70 жылдан бери жаңыланган эмес. Бул тууралуу театрдын жетекчиси Керим Турапов 12-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди: "Сексен кишиден турган симфониялык оркестрдеги аспаптар 70 жылдан бери алмашкан эмес. Кийип турган кийимдери - смокинг жана фрак дегендер тытылып бүткөн. Бүгүнкү күнү ал аспаптарга тетик да алып бере албайбыз. Атайын эсепке...


12.04.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31199762.html

 
Loading...

Жарыялар