Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку
Журналист Майрамбек Тойгонбаев каза болдуБүгүн, 17-апрелде Бишкекте 34 жаштагы журналист Майрамбек Тойгонбаев каза болду. Ал 12-апрелде инсульт алып, Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Коомдук телерадио корпорациясында кабарчы болуп иштеген, “Шок-факт”, “Протокол” көрсөтүүлөрүнүн алып баруучусу, редактору катары таанылган Тойгонбаев Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын маалымат катчысы болуп да эмгектенген. Акыркы жылдары Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында журналист, сектор... 17.04.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31208534.html |
Loading...
|
Жарыялар |