Кыргызча анекдот / апенди:

мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.7089.30
EUR94.6095.40
RUB0.9400.965
KZT0.14060.2050

обновление 02.05.2024 04:05:16

Жапаров: Коогада жабыркагандарга кенемте берилет

Президент Садыр Жапаров 6-майда Баткендеги Кулунду жана Орто-Боз айылдарынын тургундары менен жолугушуу учурунда чек ара жаңжалында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон, ал эми жаракат алгандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин кенемте төлөнүп берилерин маалымдады. Ошондой эле ал кыйраган үйлөрдүн бардыгы акысыз калыбына келтирилерин, курулуш иштери ушул жылдын июнь айына чейин аяктарын белгиледи. Мындан тышкары Баткен облусу өзгөчө статус алуу менен бир катар жеңилдиктерге ээ...


06.05.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31241344.html

 
Loading...

Жарыялар