Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку
Beeline абоненттери үчүн IVI онлайн-кинотеатрына жазылууда, 14 күндүк уникалдуу контентке акысыз кирүү беретBeeline өз абоненттери үчүн май айындагы дем алыш күндөрү IVI онлайн-кинотеатрында көрүү үчүн өлкөнүн белгилүү блогерлеринен салкын тасмалардын, мультфильмдердин жана сериалдардын бирдиктүү тандоосун даярдады 07.05.2021 : www.super.kg источник: https://www.super.kg/kabar/news/359763/ |
Loading...
|
Жарыялар |