"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...
Кийинки анекдот/апендини оку
COVID-19: алты бейтап көз жумду, 321 адамдан жаңы аныкталдыАкыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы алты бейтап жумду. Алар Чүй облусунда жана Бишкек шаарында дарыланып жатышкан. Илдетке каршы республикалык штаб кабарлагандай, 9-майга карата 321 адамдан оору жаңы аныкталды. Мурда ооругандардан 292 киши айыкты. Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондордун саны расмий эсепте 1655ке жетти. Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V"... 09.05.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31245152.html |
Loading...
|
Жарыялар |