Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Гол киргизип, токтоно албай дарбазаны да бузуп кеткен футболчу. ВидеоФутболчу андан жабыр тарткан эмес, тескерисинче, голун майрамдап чуркап кеткен. Ал эми дарбазанын мамысы кыйшайып калган. 11.05.2021 : sputnik.kg источник: https://sputnik.kg/video/20210511/1052457827/shvetsiya-futbolchu-gol-darbaza-urunuu-video.html |
Loading...
|
Жарыялар |