карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
ТИМ Түркияга бараткан кыргызстандыктарга медициналык полис алууну сунуш кылдыКыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өз сайтында Түркияга бараткан жарандарга коронавируска каршы медициналык камсыздандыруу полисин алууну сунуш кылды. Анда: "Кыргызстандын жарандарына Түркиянын аймагында COVID-19 илдетин жуктуруп алган учурда акысыз дарыланууга кепилдик берүүчү сактык полистерин алуу сунушталат. Ошону менен бирге жарандарга Түркиядагы эпидемиялык кырдаалды - коронавирус илдетине чалдыккандар кескин көбөйүп жатканын, ага ылайык киргизилген чектөөлөрдү эске алып,... 16.05.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31257552.html |
Loading...
|
Жарыялар |