Кыргызча анекдот / апенди:

Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.7089.60
EUR94.6095.60
RUB0.9300.970
KZT0.12500.2060

обновление 05.05.2024 16:30:13

"Озоди": чек арада кармалган эки өлкөнүн жарандары бошотулду

"Азаттык" радиосунун тажик кызматы "Озоди" бүгүн, 17-майда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн кармалган үчтөн жараны сүйлөшүүлөрдөн соң бошотулганын кабарлады. Баткен облусттук администрациянын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова "Азаттыкка" азырынча кармалган жарандарды бошотуу ишке аша электигин, эки тараптын укук коргоо жана чек ара кызматтары сүйлөшүүнү улантып жатканын айтып, расмий маалымат бир аздан кийин берилерин маалымдады. Баткен районунун...


17.05.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31258746.html

 
Loading...

Жарыялар