Кыргызча анекдот / апенди:

"Правильный" эркек
Эркектер сүйлөшүп отурушат дейт... Бирөөсү айтат: - - Жакында сыртта жамгыр төгүп жаткандыктан, үйдөн чыкпай отурсам, эшик тыкылдап жатпайбы...
- Анан? дейт тигилер
- Анан барып ачсам, көл-шал суу болгон жука көйнөкчөн бир жакшынакай кыз туруптур....
- Ии, анан?!...
- Анан аны үйгө киргизип жатпаймынбы... Тигил кыз аябай үшүп кеттим бир аз коньяктан куюп бересизби деп сурады дейт....
Тигил эркектер ого бетер кызыгып:
- Ии коньяк куюп бердиң, аны ичтиңер, анан?! деп чыдамы кетип сурашат...
- Коньякты ичкенден кийин, дагы эле жылый албай жатам, сиздин тизеңизге отурсам болобу? деп суранды деп аңгемесин улантат тиги киши...
- Болчу, тезирээк, маалкатпай, анан эмне болду?! деп жанталашып сурашат калган эркектер. Анда тигил киши:
- Ээ, жигиттер, айтты айтпады дээрсиңер, көрөсүңөр го, туптуура бир айдан кийин ошол кыз меники болот! деп коёт дейт...

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.7089.40
EUR94.7095.70
RUB0.9450.970
KZT0.14000.2050

обновление 05.05.2024 03:00:13

Эл аралык комитет: Токиодогу Олимпиада жылдырылбайт

Токиодогу Олимп оюндарынын уюштуруучулары шаарда коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал режими кирсе дагы, оюндар өткөрүлөрүн билдиришти. Былтыр өтө турган иш-чара пандемияга байланыштуу бир жылга жылып кеткен. Жергиликтүү басылмалар Жапонияда эмдөө жай жүрүп жатканын жазышууда. Ал эми Токиодогу алты миң дарыгер кирген ассоциация Олимп оюндарын өткөрбөө чакырыгына кошулду. Алардын айтымында, баш калаадагы ооруканаларды бош керебеттер калбай калды. Жапониянын 126 миллион калкынын 3,7%...


21.05.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31267193.html

 
Loading...

Жарыялар