Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку
Миллион долларлык санарип искусство69 миллион долларга бааланган графикалык сүрөт. Миңден ашык сүрөткө жан киргизген санарип көргөзмө. Чет өлкөлүк рынокко чыгууну көздөгөн санарип сүрөтчүлөр. Эмгектерин дүйнөгө саткан санарип музыкант. "Азаттык+" бул ирет санарип искусство дүйнөсүнө саякаттайт. 21.05.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/kyrgyzstan-bishkek-what-is-digital-art/31267104.html |
Loading...
|
Жарыялар |