Кыргызча анекдот / апенди:

мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.8089.30
EUR94.5095.50
RUB0.9450.970
KZT0.13900.2050

обновление 29.04.2024 12:00:11

Баткенде аткезчиликке каршы ыкчам топтор түзүлдү

Баткенде аткезчиликке каршы ыкчам топтор түзүлүп, аймактарга жөнөтүлдү. Бул тууралуу 21-майда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, күч түзүмдөрүнүн, бажы, салык кызматкерлеринен куралган төрт мындай топ Лейлек районунун Кулунду, Арка, Баткен районунун Самаркандек, Кара-Бак өңдүү аткезчилик тобокелчилиги жогору аймактарга жөнөп кеткен. Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан кийин аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү талабы көбөйдү....


21.05.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31266997.html

 
Loading...

Жарыялар