Кыргызча анекдот / апенди:

Жума хутбасы
Имам жума хутбасында жамаатка кайрылып арак ичкендерди жемелеп жатты.
-Акчаңарды көчөгө чачасынар!
Пайда көргөн ким? арак сатуучу
Эң чоң дүкөн кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун үй кимдики? арак сатуучунуку
Эң сонун машине кимдики? арак сатуучунуку
Бул акчаны берген ким? Силерге окшогон акылсыздар!
Арадан эки жума өтүп, бир адам имамга келип, кучактап ыраазычылыгын билдирет
- Сиздин жума хутбасында айткан насаатыныз менен жашоом оңолду.
Имам өзүнчө ыраазы,
- Азаматсың, аракты таштагандын жакшылыгын акыретте да көрөсүң.
Адам имамды токтото калып:
- Мен аракты таштаган жокмун, Арак саткан дүкөн ачтым, дептир
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.30
EUR94.8095.50
RUB0.9450.965
KZT0.14010.2050

обновление 28.04.2024 18:20:18

COVID-19: сегиз бейтап каза болду, илдет 376 кишиден аныкталды

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 27-майдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 илдетинен сегиз бейтап каза болду. Бишкек шаары менен Чүй облусунда үчтөн, Нарын жана Ысык-Көл облустарында бирден адам катталды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары жалпысынан 1781​ кишиге жетти. Вирус акыркы бир суткада дагы 376 адамдан аныкталды. Расмий маалыматка...


27.05.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31275930.html

 
Loading...

Жарыялар