мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!
Кийинки анекдот/апендини оку
Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын БУУдагы өкүлү болдуМурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы өкүлү болуп дайындалды. Бейшеналиев 40 жашта. Ал 2017-2018-жылдары Өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн башкарган. 2020-жылы октябрынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеген. 2016-жылдан бери Кыргызстандын БУУдагы Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы өкүлү Данияр Мукашев... 02.06.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31285855.html |
Loading...
|
Жарыялар |