карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку
Ажырашуулар боюнча Бишкек биринчи орунга чыктыКыргызстанда 2021-жылдын январь-май айларында 19 498 жуп расмий никеге катталышты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады. Аймактарга бөлүп эсептегенде, эң көп никелешүү Ош облусуна туш келет. Беш айдын ичинде бул аймакта 4092 жуп үйлөндү. Эң көп ажырашуулар Бишкекте катталды. Январдан бери эки ача жолго түшүү арызы менен расмийлерге 897 кайрылуу келген. 2020-жылы күчүнө кирген "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзам боюнча өлкө атуулдары жашаган жери боюнча... 02.06.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31286461.html |
Loading...
|
Жарыялар |