Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR94.6095.60
RUB0.9400.965
KZT0.14000.2050

обновление 01.05.2024 21:20:11

Тегерандагы мунай заводдо өрт чыкты

Ирандын маалымат каражаттары 2-июнда жазгандай, баш калаа Тегерандын түштүгүндөгү мамлекеттик мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкты. Курмандыктар тууралуу азырынча кабар түшө элек. Тегеран бийлигинин өкүлү Мансур Даражати мамлекеттик каналга берген маегинде Тондгуян заводундагы суюлтулган газ бөлүмүндө өрт тутанган болушу мүмкүн. Тилсиз жоонун чыгышына эмне түрткү болгону белгисиз. Ушул эле күнү Оман булуңундагы аскердик кемеде өрт чыгып, чөгүп кеткен. Ичиндеги экипаж коопсуз жайга...


02.06.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31286866.html

 
Loading...

Жарыялар