Кыргызча анекдот / апенди:

Азраил
Азраил (жан алгыч периште) бир адамга келип, сенини дүйнөдөгү убактын бүттү, жаныңды алганы келдим дейт.
Адам жалдырап жалбарып мага беш жыл дагы убакыт бер дейт. Азраил макул болуп кетет.
Адам учкуч болуп иштей баштайт. Арадан беш жыл өтүп, адам асманда самолетто бара жатканда азраил келет.
- Сенин убактын бүттү, жаныңды алам!
- Жок, бул жерде менден башка 300 жүргүнчү бар, алар эмне болот дейт адам.
Азраил,
- Силердин баарыңарды бир самолетко араңдан чогулттум, чогултам деп кандай кыйналганымды бир билсең!
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.30
EUR94.8095.50
RUB0.9450.965
KZT0.14010.2050

обновление 28.04.2024 06:10:20

COVID-19 526 адамга жукту, жети бейтап каза болду

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан дагы жети бейтап каза болду. Алардын алтоо Бишкекте, бирөө Чүй облусунда катталды. Муну менен илдеттен каза тапкандардын жалпы саны 1876 кишиге жетти. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 11-июндагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада 526 кишиден вирус жаңы аныкталды. Анын көбү Бишкекте (232) жана Ошто (101). Мурда ооруп жаткандардын ичинен 303 киши сакайып чыкты. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери...


11.06.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31301860.html

 
Loading...

Жарыялар