Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.4088.86
EUR95.0096.00
RUB0.9300.975
KZT0.13000.2100

обновление 29.04.2024 14:00:20

Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов кармалды

Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 11-июнда кабарлап, ал коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы менен колго түшкөнүн маалымдады. "Ыйгарым укугунан пайдаланып, товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды колдонуп, товарлардын жалган транзитин уюштуруп, көмүскө киреше алып турган", - деди УКМК өкүлү Назгүл...


11.06.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31301967.html

 
Loading...

Жарыялар