Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам бере турган болдуТүркия Кыргызстандын Коргоо министрлигине гранттык негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү ниетин билдирди. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин президент Садыр Жапаровдун Түркиядагы иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу берген билдирмесинде айтылат. “Президенттер Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу — эң жогорку деңгээлдеги биринчи саясий байланыш. Эки өлкөнүн лидерлери бири-бирин колдоого алып, тет-а-тет жана кеңейтилген форматтагы... 12.06.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31303835.html |
Loading...
|
Жарыялар |