Кыргызча анекдот / апенди:

мен баарын билем!
Бир балакай чоңдордун баарында эч кимге айтпаган бир сыры сөзсүз болот деп ойлойт да муну текшерип көргүсү келет. Апасына:
- Апа, мен баарын билем!
Көзү алая түшкөн апасы:
- Түшүндүм. Ме могу 100 сомду ал да, атаңа эч нерсе айтпа!
Кубанычы койнуна батпаган балакай атасына келет да:
- Ата, мен баарын билем!
Коркуп кеткен атасы:
- Болуптур оозуңдан сөз чыкпасын. 200 сомду ал да, апаңа айтчу болбо!
Аңгыча эшикти бирөө кагып калат. Бала эшикти ачса почтальон турат. Анда бала:
- Почтальон байке, мен эми БААРЫН билем!
Почтальон тизелей калып колдорун жая:
- Айланайыным, ырас билген болсоң, келчи атакең сени бир кучактасын!

Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.8089.30
EUR94.5095.50
RUB0.9450.970
KZT0.13900.2050

обновление 29.04.2024 17:15:10

Жекшембиге карата аба ырайы

13-июнга караган түнү тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Таласта жаан-чачын болбойт.


12.06.2021 : sputnik.kg

источник: https://sputnik.kg/society/20210612/1052844978/zhekshembige-karata-aba-yrajy.html

 
Loading...

Жарыялар