Кыргызча анекдот / апенди:

Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.50
EUR95.0096.00
RUB0.9500.990
KZT0.14000.2100

обновление 29.04.2024 08:40:17

ТИМ: Новосибирскте жарылуудан үч кыргызстандык жабыркады

Орусияда автогаз куюучу бекеттеги жарылуудан кеминде үч кыргызстандык күйүк алып жабыркады. Бул тууралуу 15-июнда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, окуя Новосибирск шаарында дүйшөмбү 14-июнда болгон. Денесинин 20% күйгөн 53 жаштагы эркектин абалы азыр туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок. 5% күйүк алган 20 жаштагы кыргыз жараны медициналык жардам алгандан кийин үйүнө кое берилген. Жабыркаган үчүнчү адамдын денесинин 7% күйгөн, ал азыр...


15.06.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31308148.html

 
Loading...

Жарыялар