Адилеттүүлүк
Бир адам жаңгак дарактын түбүндө отуруп айланага көз салып жатып,
Кудайга нааразы болот экен.
жанын караса ашкабак өсүп жатат, кичинекей араң турган өсүмдүктө ошончолук чон ашкабак өсүп жатат дейт.
Жогору жагын караса ошончолук чоң даракта кичинекей жаңгак өсүп турат.
Кудайга буларды адилеттүү жараткан эмес деп нааразы болуп жаткан учурда башына бир жаңгак түшүп кетет.
Анда адам дагы ойлонот, ушул жаңгак эмес ашкабак болгондо өлдүм эле деп.
Ошондон бери Кудайдын адилеттүүлүгүнө ишенип жашап калыптыр.
Кийинки анекдот/апендини оку
Чүйдө мечиттегилерди курал менен коркуткан киши үй камагына чыгарылдыЧүй облусундагы мечиттердин бирине куралчан кирип келип адамдарды коркуткан жаран үй камагына алынды. Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 63 жаштагы жергиликтүү тургун 15-июнда мечитте сыйынып отургандарды травматикалык курал менен коркуткан. Күбөлөр ал мас экенин айтышкан. Милиция шектүүнү кармаганда, жанынан травматикалык курал жана ок табылган. Анын үстүнөн Кылмыш кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгон. Сот анын бөгөт чарасын карап,... 19.06.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31315729.html |
Loading...
|
Жарыялар |