Кыргызча анекдот / апенди:

Психолог кыз
Жигит бир кафеде отуруп маңдайында отурган кыз менен кантип сүйлөшүүнүн жолдорун ойлонуп жатты. Акыры өзүнө бекем туруп кыздын жанына барып:
- Кечиресиз чоң кыз, сүйлөшүп отурсам болобу? дейт
Кыз катуу кыйкырып:
- Уяты жок десе, мен сен ойлогон кыздардан эмесмин!
Элдин баары жигитке карап, жигит аябай уялып, кызарып ордуна барып отурат.
Бир канча мүнөт өткөн соң, кыз жылмайып жанагы жигиттин жанына келип:
- Кечиресиз, мен психология бөлүмүндө окуйм, адамдардын катуу уялган учурунда кандай мамиле кылуусун изилдеп жаткамын дейт.
Аябай жаны ачышып калган жигит да кыйкырып:
- Эмне, Бир түнгө 1000 долларбы? Сен жиндисинби?
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.6089.40
EUR94.6095.60
RUB0.9400.975
KZT0.12500.2060

обновление 30.04.2024 02:10:12

COVID-19: Москвада вакцина албагандар ооруканага жата албайт

Москвада коронавируска каршы вакцина албагандарга ооруканаларда пландуу медициналык жардам көрсөтүлбөйт. Бейтапканага жатышы керек болгондор эмдөөдөн өткөн болушу шарт. Оорунун жайылышына каршы ушундай чара кабыл алынганын Орусия баш калаасынын Саламаттык сактоо департаменти кабарлады. Эмдөөгө каршы көрсөтмөлөрү бар кишилер - онкологиялык жана гематологиялык оорулар менен жабыркаган бейтаптар вакцина албаса болот. Чукул медициналык жардам тегиз көрсөтүлө берет. Июндун экинчи аптасынан...


19.06.2021 : www.azattyk.kg

источник: https://www.azattyk.kg/a/31315962.html

 
Loading...

Жарыялар