Туулган күнүң менен
Жигит түн жарымында, аябай таттуу уктап жатканда бирөө телефон чалып, уйкусун бузат. Жигит уйкусунун бузулганына аябай ачууланып телефонун караса, апасы чалып жаткан болот. Апасына жини келип кыйкырып:
-Эрте менен деле чалсаң болот эле го, түн жарымында уйкуну бузбай, дейт.
Анда апасы капа болгон, мунайыңкы үнү менен:
-Уулум, мындан толук 18 жыл мурун, түн ортосунда, так ушул мүнөттө, сен да менин уйкуму бузуп дүйнөгө келгенсин, туулган күнүң менен, деп телефонун өчүрүп коет.
Энелерди барктай билели, сыйлай билели.
Эгер сиз бул окуяны окуган болсоңуз, апакеңиздин бетинен өөп көңүлүн алып коюңуз,
урматтуу Изде.КГ сайтынын окурманы
Кийинки анекдот/апендини оку
Абитуриенттерди окууга кабыл алуу быйыл да онлайн режимде жүрөтКоронавирус коркунучунан улам, абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу быйыл да онлайн режиминде болот. Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүровдун айтымында министрликте атайын портал түзүлүп, мектеп бүтүрүүчүлөрү документтерин электрондук негизде каттоодон өткөрөт. “Бүтүрүүчүлөр www.2020.edu.gov.kg сайтындагы “Абитуриент онлайн” бөлүмүнө билдирүү калтырышы керек. Сайтта жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн онлайн-каттоо боюнча бардык маалыматтар камтылган”, -... 25.06.2021 : www.azattyk.kg источник: https://www.azattyk.kg/a/31325432.html |
Loading...
|
Жарыялар |