Кыргызча анекдот / апенди:

Диалект
Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.5089.30
EUR94.9095.90
RUB0.9500.975
KZT0.12500.2060

обновление 10.05.2024 16:30:09

Талибандан качкан ооган аскерлери Тажикстанга баш калкалашты

Билдирүүдө Талибандын кол салууларынан качкан 1377ден ашуун аскер өлкөнүн чек араларынын ар кайсы жерлеринен Тажикстанга өтүп кеткендиги айтылган.


05.07.2021 : www.trt.net.tr

источник: http://www.trt.net.tr/kyrgyz/duino/2021/07/05/talibandan-kachkan-ooghan-askierlieri-tazhikstangha-bash-kalkalashty-1670260

 
Loading...

Жарыялар