Кыргызча анекдот / апенди:

карыш жылба
Апенди кичинесинен эле шум чыгыптыр. Ага өңгөлөр эмес, өз энеси да таң калчу экен. Бир күнү энеси айылчылаганы баратып:
-Каралдым, үйгө сак бол. Эшиктен карыш жылба - дейт. Апенди үй кайтарып, эшиктин алдында отурса, мейман келип калат.
-Силер үйгө кире тургула, мен энеми чакырып келе коёюн - деп, Апенди каалганы кашегинен чыгарып алып, көтөргөн тейден жүгүрүп кетет.
-Э, ботом, бу эмнең?! - дейт энеси уулун көрө сала чочуп
-Каалганы жонуна артып алат деген эмне тамтык! Кокуй...
-Өзүң, эшиктен карыш жылба деп!.. Мына, карыш жылбай эшик менен кошо келдим - дептир анда уулу. Азимбек Матраимов
Кийинки анекдот/апендини оку

покупка продажа
USD88.3089.20
EUR94.8095.80
RUB0.9500.970
KZT0.14000.2060

обновление 13.05.2024 12:50:18

К. Ташиев: Ооганстандагы кырдаал Кыргызстанга да коркунуч жаратууда

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ооганстандагы түзүлүп жаткан кырдаалды Кыргызстан үчүн тышкы коркунуч деп билдирди. Анын айтымында, бул өлкөдөн качкындар келиши күтүлүүдө, ошондой эле бул жактан Борбордук Азия өлкөлөрүн көздөй ар кандай террордук-экстремисттик уюмдар баш көтөрүп баштады.


08.07.2021 : www.bbc.com

источник: https://www.bbc.com/kyrgyz/kyrgyzstan-57767087

 
Loading...

Жарыялар